• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Репрессия курмандыктары жашырылган жай тууралуу алгач маалымдаган Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычы тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сапар Исаков кечээ, 19-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын м.а. учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи.

Сапар Исаков ага чың ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коштоп келди.

Пикир

Оставить комментарий