• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Коменданттык сааттын шартын бузган 137 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.20./Кабар/. 7-майга караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 137 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 119, Ош шаарында – 4, Жалал-Абад шаарында – 4, Ат-Башы районунда – 10 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4167 эркектер, 529 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Алардын ичинен 3541 жаран эскертилип, 1155 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 363 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Эске сала кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий