• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл үч айда жөлөкпул, маяна жана мамлекеттик карызды төлөөгө 20 млрд 239 млн сом сарпталган

Экономика 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Быйыл январь-март айларында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдары 32 млрд 544,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын төлөөгө республикалык бюджеттен 8 млрд 905 млн 375,3 миң сом, социалдык жардам боюнча жөлөкпулга 2 млрд 347 млн 328,1 миң сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул төлөөгө 9 млн 873,1 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды төлөөгө 8 млрд 976 млн 431,6 миң сом сарпталган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.

Пикир

Оставить комментарий