• 88.68
  • 95
  • 0.95

11 айда Бажы кызматынан бюджетке 65 млрд 600 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен Бажы кызматынан бюджетке 65 млрд сом 600 млн сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Биз сырткы фактордон көз карандыбыз, бизде өндүрүш жок. Келген товардын көлөмү менен санына жараша бажылык тариздөөнү жүргүзөбүз. Андан келип чыккан сумманы бажы төлөмдөрү деп алып, мамлекеттик бюджетке которобуз. Салык кызматы өлкө ичинде ишин жүргүзгөндүгүнө байланыштуу иши ыңгайлуу. Быйыл бажыдагы абал октябрь, ноябрь айында Кытайда эпидкырдаалдын күчөгөндүгүнө байланыштуу начарлап кетти. Ал жакта жүк гана эмес, адамдардын бир провинциядан экинчисине баруусуна чектөөлөр киргизилди. Экинчиден, Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал дагы бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизүүдө”, - дейт ал.

Исабеков белгилегендей, 2022-жылга болжол менен 98,5 млрд сом суммасында жылдык план коюлуп, ал сумма 73 млрд 700 млн сомго өзгөртүлгөн.

“Учурда 65 млрд 600 млн сом түштү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 158,2 пайызга көп. Башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 24 млрд 200 млн сомго көп каражат чогулду. Жылдык план болжол менен 90,4 пайыз аткарылды же 6 млрд сом аз болууда. Бирок декабрь айынын жыйынтыгы менен планды аткарабыз деп жатабыз”, - деди төрага.

Пикир

Оставить комментарий