• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мбаппе Франция чемпионатында сезондун мыкты оюнчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. “ПСЖ” футболдук клубунун чабуулчусу Киллиан Мбаппе Франция чемпионатында 2021-2022-жылкы сезондун мыкты оюнчусу аталды. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Мбаппе жалпы 34 оюнда 25 гол киргизип, тизменин сап башына чыкты. Ошондой эле “ПСЖ” командасына Франциянын чемпионатын жеңүүгө жардам берген.

Ал эми сезондун жыйынтыгы менен мыкты машыктыруучу Бруно Женезьо (“Ренна” командасы), мыкты дарбазачы Жанлуиджи Доннарумма (“ПСЖ”), мыкты жаш оюнчу Вильям Салиба (“Марсель”) болду.

Пикир

Оставить комментарий