• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Талас облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда. Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, "Чыңгыз Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.

Ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий