• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

12-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Эртең, 12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурсы

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 30...35;

Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;

Ошто, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38;

Баткен облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 33...38;

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28.

Эртең, 12-июлда Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.

Пикир

Оставить комментарий