• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санкт-Петербургда мамлекеттик ишмер И.Раззаковго арналган эл аралык илимий конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) жарыялаган Маданият жылынын алкагында 2018-жылдын 23-мартында Санкт-Петербург шаарындагы Таврида сарайында көрүнүктүү советтик, мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (1950-1961-ж.ж.) Исхак Разаковдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция болот.

Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн, КМШ Парламенттик аралык ассамблеясынын, КМШ өлкөлөрүнүн илимий интеллигенциясынын, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер менен студенттер катышат.

Бул иш-чара Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана И.Раззаков атындагы коомдук фонддун көмөгү астында өткөрүлүүдө.

Эл аралык илимий конференция КМШ өлкөлөрүнүн элдерине өзгөчө татаал жана оор жылдарда (1950-1961-ж.ж.) республиканын башында туруп, анын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон И.Разаковдун өмүр жолу менен ишмердүүлүгүнөн кеңири маалымат берүү максатын көздөйт.

Мындан сырткары, бул күнү Таврида сарайында кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, кыргыз дипломатиясынын негиздөөчүсү, кыргыз-орус мамилелеринин башатында турган Тилекмат аке Жылкыайдар уулунун бюсту салтанаттуу түрдө орнотулмакчы.

Бүгүнкү күндө Тилекмат акени Кыргызстан тарыхындагы улуу инсандарынын бири катары элчи жана улуу элдик дипломат деп аташат.

Өз мезгилинде анын ишмердүүлүгү алысты көрө билген дипломат катары кыргыздардын Орусия менен достук мамиле түзүү маалында ачык-айкын, даана көрүнгөн. Тилекмат акенин мекен алдындагы сиңирген эмгеги, өзгөчө таланты жана ак кызматы Орусия империясы тарабынан жогору бааланып, Орусия императорлугунун армиясынын капитаны чени ыйгарылган. “Ынтаалыгы үчүн” деген падышалык медаль менен сыйланган.

Аталган иш-чараны өткөрүү Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдөөнүн кезектеги кадамы жана тарыхый тамырга ээ туугандык мамилелердин белгиси болуп калмакчы.

Пикир

Оставить комментарий