• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Юстиция министрлиги тарабынан 2020-2030-жылдарга КРнын юстиция органдарын өнүктүрүү Программасынын долбоору иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Жакынкы 10 жылга КР Юстиция министрлигин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында министрлик тарабынан 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын юстиция органдарын өнүктүрүү Программасынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

“КР Юстиция министрлиги бийликтин аткаруу бутагынын тутумундагы башкы укуктук орган катары мезгилден калышпай өнүгүүгө милдеттүү. Бүгүнкү күндүн чындыгы министрлик тарабынан өлкөнүн калкына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана актуалдаштыруу, мамлекеттин туруктуу укуктук саясатын курууда болгон ыкмаларды жаңыртуу жана жаңыларын түзүү зарылчылыгын таңуулап жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган факторлор министрликтин ишин кайрадан комплекстүү карап чыгуу жана анын мындан аркы өнүгүшүнүн стратегиялык багыттамаларын белгилөө зарылчылыгына түрткү болуп жатат.

Кыргыз Республикасынын юстиция органдарын 2020-2030-жылдарга өнүктүрүү Программасы министрликтин ишин системалуу жана план ченемдүү өркүндөтүү максатында даярдалган.

Программа менен укуктук жана демократиялык башкаруу системаларында юстиция органдарынын тарыхый орду жана дайындалышы; түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн тарыхы; Министрликтин ишинин азыркы абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү жолдору, ошондой эле аталган документти кабыл алуу аркылуу жетүү пландаштырылган жыйынтыктар сүрөттөлөт.

Бүгүнкү күндө аталган Программанын долбоору КР өкмөтүнүн Регламентинин 56-пунктуна ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосун өтүүдө.

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн сайтына 2020-жылдын 4-июнунда жайгаштырылган, анын тексти менен https://www.gov.kg/ru/npa/s/2510 шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий