• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мопед жана мотоцикл айдагандарга карата рейд жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда мопед жана мотоцикл айдагандарга карата масштабдуу рейд жүрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, акыркы убактарда, Кыргызстандын аймагында, скутер, мопед, велосипед жана электросамокат каражаттарын башкарган жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын жол эрежесин одоно бузушуп, алар тарабынан ар кандай жол кырсыктарынын саны күндөн-күнгө көп катталып жаткандыгы байкалууда.

Мындан сырткары, аба ырайынын жылышы менен борбор калаада жарандардын скутер, мопед, велосипед жана электросамокат транспортторун кеңири колдонулушу байкалууда, ошондой эле, жарандардын тамак-аштарын ташуу менен алектенген ишкерлер колдонуп, алардын жолдо жүрүшү айдоочуларга тоскол жаратып, жана жол эрежесин буузулары көп кездешүүдө.

Аталган көрүнүштөр массалык маалымат булактарындан коомчулук арасында жагымсыз жагдайларды жаратып келет. Ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында тамак-аш жеткирүү менен чет элден келген жарандар ишмердигин аткарып келген учурлар кездешүүдө.

Жогорудагылардын негизинде, алардын жол эрежесин толук сактоосу боюнча жана укук бузууларды жөнгө салуу максатында, ИИМ ЖКККББнын демилгеси менен ИИМдин Экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы 2024-жылдын 20-апрелинен 23-апрелине чейин чоң масштабда рейд өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий