• 88.68
  • 95
  • 0.95

25-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Агаг ылайык, бүгүн, 25-майда Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл облусунда +11...+16, Нарын облусунда +12...+17 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +21...+23 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий