• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Чек араларыбыз такталып бүтүп баратат

Президент 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. "Кудай буюрса, чек араларыбыз такталып бүтүп баратат", - деди президент Садыр Жапаров өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Анын айтуусуна караганда, соңку жылдары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө бөтөнчө маани берилип, чек араларды тактоо маселеси күн тартибинде турган биринчи кезектеги маселеге айлан. "Кудай буюрса, чек араларыбыз такталып бүтүп баратат. Бир гана Тажикстан менен чек араны тактоо маселелери калды, аны дагы жакынкы мезгилдерде аягына чыгабыз", - деди президент.

Садыр Жапаров айткандай, коңшу Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит коюлду. "Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду. Кемпир-Абадды дээрлик 70 жылдан бери кошуна Өзбекстан башкарып келген. Бул жолу чогуу башкарууга кирдик, мындан ары бирге башкарабыз. Азырынча муктаждыгыбыз жок, бирок качандыр бир убакта муктаждык жаралып калса, суу сактагычтын айланасындагы айылдарга суу тартып алуу боюнча жаңы келишимге норма киргиздик, биз, эки тарап – өзбек жана кыргыз тарап", - деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, качандыр бир убакта келечекте суу муктаждыгы жаралса, суу алуу маселеси камсыз кылынган.

"Эгерде ушундай норманы киргизип, чечип койбосок, келечекте эки элдин ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн. Мурдагы келишимде мындай норма жок эле. Бизде суу чыкса, эмнеге биз өзүбүз колдоно албайбыз, деген маселе көтөрүлүп бизде, эки элдин ортосунда чыр чыгат. Биз мындай норманы киргизүү менен, эки элдин келечек муундарына ынтымакта, тынчтыкта жашашын камсыз кылдык. Эки эл түбөлүк ынтымактуу жашаш керек. Ал эми суу астында жер биздики болуш керек, деп чыр чыгарып жаткан өзгөндүк мекендештерге айтаарым, ооба, жер силердик, бирок ал жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенин унутпаңыздар. Кошуналар ошол убакта эле суу басып жаткан жерлер үчүн өз жерлеринен берген бизге. Тарыхый документтер архивде турат. Бирок ошентсе дагы, суу жок болуп, жерлер кургап кеткен заман келип калса, бирок ал заман жакынкы кылымдарда келбейт деп ойлойм, эгер келип калса ошондой заман, бошогон жерден алмашып алабыз, андан эч кам санабаңыздар. Анткени ал жер айыл-чарба багытына мүмкүн болбой кала турган жер болуп калат", - дейт мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий