• 88.68
  • 95
  • 0.95

40 муктаж үй-бүлөгө бекер көмүр берилди

Коом 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. "Элим, барсыңбы?!" коомдук кайрумдуулук фонду тарабынан турмуштук оор кырдаалга кабылган 40 үй-бүлөгө 480 кап көмүр берилди.

Фонд кошумчалагандай, "Жылуулук тартуула" акциясынын алкагында каалаган адам көмүр сатып алып, муктаж болгондорго үйүн жылытууга жардам бере алышат. Бир кап көмрдүн баасы 250 сомду түзөт.

"0770 00 40 44 телефон номуруна акча которуп же көмүр сатып алып жардам кылсаңыз болот. Толук маалымат алуу үчүн 0772 00 20 15 номерине кайрылыңыз", - деп айтылат фонддун маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий