• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри эл аралык Кембридж YLE сертификатына ээ болгон окуучуну кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эл аралык Кембридж YLE (Англия) сертификатына ээ болгон окуучу Куттукбек Арыкбаевди кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэр Куттукбек Арыкбаевди жараткан ийгилиги жана жаңы жыл майрамы менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык барагын тапшырды.

Куттукбек Арыкбаев Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында 8-класста окуйт. Ал бир катар олимпиада жана сынактарда алдыңкы орундарды ээлеген.

Белгилей кетсек, Кембридж YLE (Англия) сертификатына ээ болгон окуучу дүйнө жүзү боюнча 20 миңден ашуун мекеме-ишканаларга жана 160 мамлекет тааныган окуу жайларга кире алат.

Пикир

Оставить комментарий