• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткал: Россиядагы мекендештер тарабынан район калкына жардам берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан Чаткал районунун калкына жардам берилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кычкылтек концентраторун сатып алууга Чаткал районунун Сумсар айылынын тургундары Уланбек Жантаев менен Кубанычбек Сулайманов Россияда иштеп жаткан мигрант айылдаштарынан 210 миң сом, Шакафтар айылынын тургундары Улан Кокоев менен Жамалбек Чыныев өз айылдаштарынан 165 миң сом акча каражатын топтоп беришти.

Мындан сырткары, Мирбек Рысбеков жана Залкар Айдаровдордун демилгеси менен чаткалдык мекендештер тарабынан керектүү дары-дармектер үчүн 67 миң сом акча каражаты топтолду. Буга кошо эле, алыскы Германиядан Нурияна Зайлидинова жана Дубайдан Бурулча Мусабековалар өз салымдарын кошушту.

“Кыйын кезде жардамга кол сунган алыс-жакындагы бардык мекендештерге ыраазылык билдиребиз”, - дейт Россиядагы чаткалдык мекендештердин "Чаткал Биримдик " коомунун төрагасы Талантбек Эрназаров.

Пикир

Оставить комментарий