• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын туристтик ураанын түзүүгө сынак жарыяланды. Баш байге – 5 миң доллар

Коом 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын расмий туристтик урааны жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда түрдүү ураандар колдонулуп келген.

“Мисалы, Кыргызстан – Санта Клаустун мекени, Кыргызстан - ак карлуу тоолордун мекени жана башка ураандар колдонулган. Бирок өкмөт тарабынан бекитилген расмий ураан жок”, - деди Жаманкулов.

Ал белгилегендей, сынакты 2018-жылдан баштап “Леман” швейцариялык финансылык тобуна кирген “Лием Ниет-Аракет” инвестициялык компаниясы демөөрчүлөйт.

“Сынактын баш байгеси 5 миң доллар. Аны Кыргызстанды туристтик жай катары сүрөттөгөн мыкты ураанды сунуштаган адам алат”, - деди Жаманкулов.

Сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 31-мартында калыстардын ой-пикиринин негизинде, интернет-добуш берүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен чыгат. Интернет-добуш берүү www.stankg.com сайтында ачылган.

Швейцариялык-Орто азиялык жумушчу кеңешинин аткаруучу төрагасы Валерий Тутыхин Кыргызстандын расмий ураанынын жоктугу анын деңгээлин Африкадагы Ливия, Судан, Конго, Нигерия жана башка мамлекеттердин катарына түшүрөрүн билдирди.

“Сынактын шарты бардык билдирмелерди аларды талкуулоо баскычында жарыялоо жана бардык катышуучулардан алардын варианттары жеңүүчү болбосо дагы Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө эркин колдонула тургандыгына макулдугун алуу. Сынактын жүрүшүндө жарыяланган бардык варианттарга бир шарт менен (автордук өндүрүш Кыргызстандагы туризмди жарнамалоо максатында гана колдонулат) ачык эркин лицензия коюлат”, - деди Тутыхин.

Ошондой эле ал калыстар тобунда КТРКнын директору Илим Карыпбеков, “312” тобунун солисти Светлана Назаренко, жазуучу Султан Раев жана башкалар бар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий