• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент жатакананы чек арачылар үчүн турак жай кылып реконструкциялоого каражат бөлүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 11.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө эски жатакана имаратын 70 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн реконструкциялоо долбоорун көрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоор менен таанышып, мамлекет башчысы имараттын сапаттуу капиталдык оңдоо жана Чек ара кызматынын кызматкерлерин ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды.

Андан соң Садыр Жапаров КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкармалыгынын учурда реконструкциялоо иштери аяктап жаткан имаратын көрүп чыкты.

Мамлекет башчысына башкармалык имараты 1987-жылы курулганын, анда 2003-жылдан бери капиталдык оңдоо иштери болбогону тууралуу маалымат берилди.

Имаратты реконструкциялоо республикалык бюджеттин эсебинен үстүбүздөгү жылдын августунда башталган.

Маалыматты угуп жана реконструкциялоо жана оңдоо иштери менен таанышып, Садыр Жапаров реконструкциялоону өз убагында бүтүрүүнү жана бардык зарыл иштердин эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий