• 88.68
  • 95
  • 0.95

Инспекторлор коомдук транспорттордун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлери автобекеттерге барып, жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун алкагында маршруттук унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү нускамалар жеткирилди. Ошондой эле азыркы учурда өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго карата “Жүргүнчүлөдү ташуу” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүп жаткандыгы айтылды.

"Рейддин алкагында жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин жана лицензиялык талаптардын сакталышы, мыйзамсыз жана уруксатсыз кошумча жабдыктарды орнотуп алуу, ылдамдыкты ашырып айдоо, унаанын техникалык абалдары текшерилип, аныкталган кемчиликтер үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жаткандыгы эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий