• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылар алдыдагы эки жылда Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу жана окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен алектенишет.

Ошондой эле ыктыярчылар мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга; ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга жардам көрсөтөт. Буга кошумча окуу программаларын жана инновациялык окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Алгачкы үч айда ыктыярчылар окутуудан өтүшөт. Ыктыярчыларды даярдоо өзүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу көндүмдөрүн өздөштүрүүнү, маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт.

Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы АКШда тандоодон өткөн жогорку квалификациялуу ыктыярчылар. Ошондой эле, Американын ар кайсы штаттарынан чогулган 24 жаштан 72 жашка чейинки Американын ар тараптуу экендигин тастыктаган ыктыярчылар.

Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Кыргызстанда 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде КР өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет.

Пикир

Оставить комментарий