• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Улуттук банк калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында WhatsApp-канал ачты

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Улуттук банк калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында байланыш каналдарынын тизмесин кеңейтти.

Өлкөнүн башкы банкынан билдиришкендей, финансылык кызматтарды жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Улуттук банктын 0501 89 00 00 номеринде WhatsApp-каналы ачылды.

Ал аркылуу финансы-кредит уюмдарынын (коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун) ишине тиешелүү бардык маселелер (даттануу, өтүнүч же пикир билдирүү) боюнча кайрылууга болот.

"Ошондой эле жарандар телефон аркылуу ыкчам маалымат/консультация алуу үчүн Улуттук банктын кабылдамасына 0312 61 04 86 телефон номерине жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Улуттук банктын социалдык тармактарда: Facebook, Instagram (nbkr_kg) жана Telegram каналы ачылган.

Белгилей кетсек, WhatsApp байланыш каналында жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну, ошондой эле (зарыл учурда) керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда адепсиз билдирүүлөрдү камтыган, же болбосо, жол берилбеген адабий стилде жазылган кайрылуулар каралбайт.

WhatsApp-каналынын номерине кайрылуулар жумуш күндөрү (дүйшөмбү - жума) саат 08:30дан 18:00гө чейин кабыл алынат. Дем алыш күндөрү түшкөн билдирүүлөр андан кийинки жумуш күнү каралат.

Пикир

Оставить комментарий