• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаал. Энергетика министрине сөгүш берүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин иликтеген ведомстволор аралык комиссия өз ишинин жыйынтыгы боюнча, Энергетика министрлигинин жетекчилигин жана мекеменин бир катар кызматкерлерин тартиптик жазага тартууну сунуштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, комиссия төмөндөгүдөй сунуштарды берген:
- энергетика министрине сөгүш;
- энергетика министринин орун басарына катуу сөгүш;
- Бишкек ЖЭБинин бир катар кызматкерлерине карата тартиптик жаза.

Пикир

Оставить комментарий