• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын алтын экспортунун өсүшүн божомолдоодо

Экономика 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы 2024-2025-жылдары Кыргызстандан алтын экспортоонун көлөмүнүн өсушүн болжолдоодо. Бул тууралуу АӨБдүн эксперттери "Азиянын өнүгүү баяны" иш-чарасында билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, ички суроо-талаптын жана реэкспорттун төмөндөшүнөн улам алтындын экспорту көбөйүп, импорт азайгандыктан 2024-2025-жылдары учурдагы операциялардын тартыштыгы кыскарышы күтүлүүдө.

АӨБдүн серепчилеринин отчетунда белгилүү болгондой, 2024-жылдын февралында инфляциянын 5,5%га чейин төмөндөшүнө карабай, инфляциялык күтүлүүлөр жогорку деңгээлде калууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн долларлаштырууну жокко чыгаруу боюнча чараларды ишке ашыруу, операциялык көз карандысыздыкты жана ишенимди жогорулатуу жолу, андан тышкары борбордук банктын байланыштары аркылуу акча-кредит саясатын бекемдөө зарыл.

Пикир

Оставить комментарий