• 88.68
  • 95
  • 0.95

29-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 8…13, Ысык-Көлдө 4…9, Нарын облусунда күндүз -1…+4 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абаж жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаашы ыктымал, абанын температурасы 13…15 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий