• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин I отурумун өткөрүү пландаштырылууда

Экономика 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 28-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Германия Федеративдүү Республикасына иш сапарынын алкагында Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Майкл Хармс менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Германия экономикасынын Чыгыш комитети Германиядагы 350дөн ашык орто жана ири бизнес компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана дүйнөнүн 29 өлкөсү, анын ичинде КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен иш алып барат.

Министр Руслан Казакбаев маектешине КР президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан саясаты, КР президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин түзүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.

Тараптар кыргыз-германия соода-экономикалык кызматташтыгы, анын ичинде Кыргызстандын жана Германиянын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда Чыгыш комитеттин аянтында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Энергетика, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында кызматташуунун жаңы жолдорун издөө боюнча өзүнчө макулдашуу жетишилди.

Кыргызстандын экономикасынын абалын талкуулоо контекстинде ага Украинадагы окуялардын тийгизген таасири каралды. Ушуга байланыштуу министр Р.Казакбаев Кыргызстан Украинадагы кырдаалды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактаарын, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле ар кандай өлкөлөрдүн ортомчулук аракеттерин кубаттаарын жана бул максаттар үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Министр Казакбаев Хармсты Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чыгыш комитетинин Кыргызстанга делегациясын жөнөтүү, анын ичинде алдыда боло турган кыргыз-германия бизнес форумуна катышуу ниети ырасталды. Форумду 2022-жылдын июнь-июль айларында өткөрүү боюнча алдын ала макулдашуу жетишилди.

Кыргыз-германия ишкерлер кеңешинин түзүлгөндүгү оң жагына белгиленип, анын биринчи отурумун 2022-жылдын май-июнунда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөрүү алдын ала пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий