• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы жумада 18,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Акыркы бир жумада өлкө аймагында 18 мин 676 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 186;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 52;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 53;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 291;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5 839;
- авто ээнбаштык - 4;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 713;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 537;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 79 авто унаа убактылуу айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий