• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек арадагы жаңжалда жабыркагандардын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган эки аскер кызматкеринин абалы жөнүндө маалымат берди.

Ведомствонун алдын ала маалыматына ылайык:

- 2001-жылы туудган С.у.Б.нын абалы орто оор: ал баш мээсинин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы, париеталдык бөлүгүнүн жарааты, омурткасынын компрессиондук сыныгы жана травматикалык шок абалда.

- 2000-жылы туулган Ж.З.нын абалы өтө оор, учурда жасалма дем алдыруучу аппаратта: баш мээсинин жабык жаракаты, сол жак ийини жана ол жак сөөктөрү моюну сынган, травматикалык жана геморрагиялык шок абалда.

“Учурда жарадар болгондор Баткен облустук бириктирилген ооруканасында дарыланууда. Аларга зарыл болгон бардык медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Кесиптештерине тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн Бишкектен Баткенге учуп кетүүчү дарыгерлердин тобу түзүлдү. Реаниматолог, кан тамыр хирургдары, жалпы хирургдар, нейрохирургдар жана торакалдык хирург болуп жалпы 10 адис жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган.

Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кеткен.

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтобой, коңшу тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тарта баштаганы айтылган.

Ал эми саат 14:15ке карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогон.

"Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барууда.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий