• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Түндүк электр": Апрелде дебитордук карыз 128,3 млн. сомго төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. "Түндүк электр" ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы биринчи майга 512,8 млн. сомду түздү. Апрель айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 128,3 млн. сомго же 20 % төмөндөтүштү. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Дебитордук карыздын 21,9 млн. сомго же 62 % төмөндөшүү бюджеттик уюмдар категориясында катталган.

-калк категориясы 93,4 млн. сомго же 24 %,

-башка керектөөчүлөр – 8,2 млн. сомго же 10%,

-өндүрүш абоненттери –5 млн.сомго же 8,6 % төмөндөтө алышкан.

Дебитордук карыздын өсүшү айыл-чарба керектөөчүлөрүндө катталган: карыз 213 миң сомго же 5,6 % жогорулаган.

"Түндүк электр" ААК тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалат:

-борбор калаада 50,3 млн.сомго же 23,5 %,

-Чүй облусунда - 65 млн. сомго же 20 %,

-Талас облусунда - 50,3 млн. сомго же 13,5 % төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий