• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун башкы катчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргызстандын Израилдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматын ээлеген.

Уюмдун Башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Х.Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Багдад Амреев (Казакстан) ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий