• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өз өмүрүн тобокелге салган милиционердин иши жогору баага татыктуу — төраганын куттуктоосу

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоо сөзү:

"Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

1924-жылы түптөлгөн кыргыз милициясы дээрлик бир кылым аралыгында ары даңазалуу, ары сыймыктуу жолду басып өттү. Өлкөбүздөгү мыйзам үстөмдүгүн орнотууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого зор эмгек жумшап, коомдогу тартипти бекем сактоо жаатында жигердүү кызмат кылып келет. Канчалаган оор сыноолорго туруштук берип, калкыбыздын бейпил турмушун камсыз кылууда өз өмүрүн тобокелге салган милиционердин иши жогору баага татыктуу.

Албетте тармакта кемчиликтер да жок эмес. Бирок мекенин сүйүп, берген антын бекем сактаган кызматкерлерибиздин каарман аракети менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук үстөмдүгүн коргоо иши мындан ары да жигердүү уланат деген ишеничтемин! Анткени, тамыры тереңдеп кеткен коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана коомго коркунуч келтирген кылмыштуу аракеттерди жоюу багытында көп иштер жасалышы керек.

Ардактуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Түйшүктүү ишиңиздерде ийгиликтер арбын болуп, эл-жер үчүн кылган кызматыңыздардын үзүрүн көрүңүздөр!".

Пикир

Оставить комментарий