• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады

Кырсык 0


Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Бакай-Ата районунда саат 18:30дар чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары каналга батпай Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун жана Бердике айыл аймагындагы болжол менен 70 га айдоо жерин каптады.

Жерине айыл аймактан бир жүктөгүч, бир экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши жана ӨКМдин 15 кызматкери тартылды.

Пикир

Оставить комментарий