• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш түзүлөт

Маданият 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан жаштар саясаты боюнча мамлекеттин приоритеттүү багыттары тууралуу бет ачар жасалып, актуалдуу маселелерди чечүү жана өнөктөштөр менен биргеликте координациялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдери каралды.

К.Иманалиев өлкө келечеги болгон жаштар саясатынын негизги багыттарына токтолуп, бул багытта жемиштүү иштерди алып барууга кызыктар экендигин айтып, эл аралык өнөктөштөргө ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, министр өз сөзүндө министрликтин ишинин негизги максаттарынын - бул жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу болуп саналарын айтып, министрлик өз ишмердүүлүгүнүн алкагында жаштар маселелери боюнча бир топ алгылыктуу долбоорлорду жана иштерди жүргүзүп жатканын иш-чаранын катышуучулары менен бөлүшүп өттү.

Мындан тышкары жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды колдоо боюнча Координациялык кеңешти түзүү демилгесин ар тармактуу колдоорун билдирди.

Белгилей кетсек, жаңы түзүлүү алында турган Координациялык кеңеш, Жаштар иштери, дене- тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ортосундагы өнөктөштөрдүн пикир алмашып, карым-катнашты жакшыртуу үчүн түзүлгөн мыкты аянтча болоору күтүлүүдө. Бүгүнкү өткөн иш чаранын жыйынтыгы жаштар чөйрөсүндөгү саясатты өркүндөтүү, кызматташуу жана кийинки кадамдарды жана пландарды иштеп чыгуу максатында өттү.

Иш-чарага 25тен ашуун эл аралык уюмдар катышты.

Пикир

Оставить комментарий