• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул районунда 5 кг ашуун баӊгизат саткандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Токтогул районунда 5 кг ашуун баӊгизат сатуучулар кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-апрелде Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан облустук милицияга Токтогул районунда "Кылыч" аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөдүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат боюнча 12-апрелде Жалал-Абад ОИИБнын Терөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кийинки күнү кылмыш иши боюнча Токтогул районунун "Кылыч" аттуу жарандан 1600 сомго 70 гр гашиш баңгизаты сатып алынган.

Ошондой эле 14-апрель күнү жогоруда жаран шарттуу сатып алуучуга 2000 сом акчага 110 гр гашиш баңгизатын экинчи ирет саткан.

Ал эми 16-апрелде Токтогул районунун Бишкек – Ош жолунда жайгашкан май куйуучу жайдын жанында Токтогул районунун тургундары 2001-жылы А. уулу К. менен 1990-жылы туулган Ж.С. 100 миң)сомго 5 кг 360 гр гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан.

Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу ылайык, баңгизаттардын таза салмагы 5 кг 540 гр болгон “гашиш” баӊгизаты экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышып, Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий