• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Улуттар аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.05.23./Кабар/. Facebook социалдык тармагындагы “Куба Буба” аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды, деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" боюнча “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба Буба” аккаунтунун ээси 1974-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды.

Ал Чүй облусунун Москва районунда кармалгандыгы жана "Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровдун активдүү колдоочусу экендиги айтылат.

"К.Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу "Куба Буба" аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар", – деп айтылат маалыматта.

Учурда К.Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК жарандарды ар кандай антиконституциялык чагымдарга, социалдык тармактарда жек көрүүчүлүктү козутууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чакырыктарга алдырбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий