• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Милиция "Ош базарынын" аймагында адашып жүргөн баланы үйүнө жеткирип берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы таап, үйүнө жеткиришти.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 22-мартында Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:30дар чамасында Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн жаш баланы көрүшкөн.

Адашып жүргөн А.у.Н. аттуу жаш бала бир туугандары менен "Ош базарына" келип, андан ары өзү адашып жүргөндүгү белгилүү болгон.

"Милициянын кайгуул кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, жаш баланы кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издешкен. Көп узабай үйүн таап, 1993-жылы туулган А.С. аттуу апасына сак саламат өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Жаш баланын апасы уулун издеп жүргөндүгүн айтып, баласын таап берген милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий