• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгалда суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги 3 млн сомдон ашуун каражатты ээлеп алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Жумгалда суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акысын өз кызыкчылыгына пайдаланган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен жалпы суммасы 3 млн 62 миң 330 сом акча каражатын банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

Натыйжада, кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 млн 62 миң 330 сом суммасындагы акча каражатын мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий