• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Мамкурулуштун мурдагы жетекчиси Карыбаева ага кантип басым жасагандыгын айтып бере алган жок

Укук тартиби 0

Бишкек. 18.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Абдыкаров сурак берүүдө.

КРнын мурдагы президентинин кеңешчиси Мира Карыбаеванын жактоочусу Абдыкаровдон кантип Карыбаева ага кысым көрсөткөндүгүн сурады. Анткени ал тергөөдө кысым тууралуу айткан. Күбө WhatsApp топтун ичинде Карыбаева да болгондугун жана ал жакта музейди оңдоо жана келишимди евро менен түзүү тууралуу чоң талкуу болгон деди. Жактоочу ошол топто болгон бүткүл сүйлөшүүлөрдү чыгарып ошол жерден Карыбаева тарабынан кысым жасалып жаткан анын билдирүүсүн таап берүүнү суранды. Бирок Абдыкаров таап бере алган жок.

Сот Абдыкаровдон сурак алгандан кийин отурумда тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий