• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сот Саляновага карата кылмыш ишин токтотуу өтүнүчүн четке какты

Укук тартиби 0

Бишкек, 16-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча жактоочунун өтүнүчүн четке какты.

Бүгүнкү соттук процессте жактоочу соттон Саляновага каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.

Бирок, сот өтүнүчтү четке кагып, кийинки процессти 19-июнга белгиледи.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага каршы кылмыш иши, 2016-жылдын 26-декабрында козголгон. Ага адилет министринин милдетин аткарып турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий