• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Канада Жогорку соту «Кыргызалтындын» Центеррадагы акциясын алуудан баш тартты

Экономика 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. “Кыргызалтын” ишканасы Канаданын жогорку сотунда «Систем Мюхендисликтин» жана Түркиянын «Энтес» компаниясынын үстүнөн жеңишке жетти. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 2011-жылы Түркиянын «Систем Мюхендислик» компаниясы Канаданын сотуна, “Ак-Кеме” мейманканасына байланышкан арбитраждык чечимдин негизинде “Кыргызалтындын» Центеррадагы акциясын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

“Кыргызалтындын” маалыматына ылайык, 2017-жылдын 15-июнунда Канаданын Жогорку соту «Систем Мюхендислик» менен Түркиялык «Энтес» компаниясынын бул өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарды.

2016-жылдын 29-декабрында Онтарио провинциясынын аппеляциялык соту, “Кыргызалтындын” Centerra Gold Inc. акциясы бир гана “Кыргызалтындын” активи болуп эсептелээрин жана Кыргызстанга болгон дооматы үчүн кимдир бирөө аны конфискациялай албайт деген чечимин чыгарган.

Мындан улам, Канаданын жогорку соттук инстанциясы 9 судьядан турган Жогорку Соттун коллегиясына аппеляциялык арызды алып чыгууга каршы болуп, 2016-жылы июль айында Онтарио провинциясынын Жогорку Сотунун судьясы чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

Жакын арада “Кыргызалтындын” Канададагы 11 млн 867 миң 90,47 АКШ доллары эскроунун эсебинен чыгарылат.

Мындан улам, 2017-жылдын 15-июнундагы соттогу утуш “Кыргызалтындын” акциясына байланышкан Канаданын сотторунда орун алган талаш-тартыш маселелерине чекит коюлду. Эскерте кетсек, бул соттук процесс дээрлик 6 жылга созулган. Жыйынтыгында “Кыргызалтындын” жалпы суммасы 165 млн АКШ долларына бааланган акциясын жоготуу коркунучу жоюлду.

Пикир

Оставить комментарий