• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 33 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын январь-август айларында орточо айлык 32 миң 708 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 25,7%га өскөнүнөн кабар берет.

Ал белгилегендей, эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк, суу менен камсыздоо, таштандыларды тазалоо, кайра иштетүү, кыймылсыз мүлк, искусство, дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо, транспорт, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагында байкалган.

Пикир

Оставить комментарий