• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-декабрдан тарта Мамөнүктүрүү банкы министрлер кабинетинин көзөмөлүнө өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинети "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитти.

Документте 2023-жылдын 1-декабрынан тартып Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акционери катары министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функцияларын Финансы министрлигине өткөрүп берүүсү белгиленген.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына нормативдик документтерди ылайыкташтыруу боюнча үч айлык мөөнөт берилген.

Эскерте кетсек, 5-октябрда Жогорку Кеңеш Мамлекеттик өнүктурүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарууну үчүнчү окууда кабыл алган. Кийинки күнү президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий