• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Үмүт жана Ко” компаниясынын ээсинин үйүнөн 822 млн сом табылды - сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. УКМК тарабынан кармалган “Үмүт жана Ко” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ж. Абдуллаевдин үйүнөн ири суммадагы акча каражаттары табылган. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Үмүт жана Ко" ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизаты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро;

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

Маалыматтарга караганда, учурда "Үмүт жана Ко" ЖЧКсынын КРнын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.

"Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, "Үмүт жана Ко" ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий