• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эмгек министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначевди 29-мартка чейин камакта калтырылды.

Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 22-февралда кабыл алынган.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча 21- февралда эмгек министринин орун басары Улан Чаначевди кармаган.

24-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен Чаначев ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий