• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 – февралында эмгек министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар КР мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Пикир

Оставить комментарий