• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кайгуул кызматы Чүй электр тармактар ишканасына 23 миң сом айып салды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү Чүй электр тармактар ишканасына 23 миң сом айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматта аталган ишкананын кызматкерлери жолдо казып иштөө учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана тийиштүү жол белгилерин койбой иш алып баргандыгы айтылат.

"Укук бузуулар кодексинин 178-берененин 1-бөлүмүнө ылайык, (Калктуу конуштардагы жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо) тийиштүү протокол толтурулуп, 23 миң сомго айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий