• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Айыл чарбасын каржылоо - 10 долбоору: жалпы 4,4 млрд сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Айыл чарбасын каржылоо - 10 долбоорунун алкагында жалпы 4,4 млрд сомго насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бардыгы болуп үч категория боюнча 4 млрд 426 млн 474 миң сомго 8 миң 54 насыя берилди:

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 149 млн 77 миң сомго 2 миң 833 насыя берилди, анын ичинен:

– “Айыл Банк” ААК 537 млн 852 миң сомго 1 миң 149 насыя;

– “РСК Банк” ААК 485 млн 990 миң сомго 1 миң 239 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 75 млн сомго 206 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 16 млн 175 миң сомго 82 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 34 млн 60 миң сомго 157 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 408 млн 136 миң сомго 4 миң 932 насыя берилди, анын иченен:

– “Айыл Банк” ААК 1 млрд 140 млн сомго 1 миң 976 насыя;

– “РСК Банк” ААК 1 млрд 8 млн 28 миң сомго 2 миң 216 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 150 млн сомго 297 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 14 млн 700 миң сомго 5 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 35 млн 450 миң сомго 195 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 59 млн 958 миң сомго 243 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 869 млн 261 миң сомго 289 насыя берилди анын ичинен:

– “Айыл Банк” ААК 440 млн 110 миң сомго 148 насыя;

– “РСК Банк” ААК 305 млн 106 миң сомго 104 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 66 млн сомго 17 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6 млн сомго 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 11 млн 500 миң сомго 7 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 40 млн 545 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий