• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, аларга 612,5 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, 612 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1 миң 520 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен;

- мас абалында автоунаа башкарган 35 айдоочуга 612 миң 500 сом айып салынды;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 14;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 1 миң 460. Ар кандай эреже бузган 137 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий