• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда 1 млн бала ӨК шартында коопсуздук жүрүм-туруму боюнча билимин жогорулатат

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы “Кызыл Жарым Ай” улуттук коому менен биргеликте “Балдардын табият тобокелдиктерине жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу” аттуу долбоордун экинчи фазасын баштады.

ЮНИСЕФтен билдиришкендей, жалпы суммасы 4 млн АКШ долларын түзгөн бул долбоорду Япон өкмөтү каржылайт. КР Билим берүү жана илим министрлиги жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылган үч жылдык долбоорго өлкө боюнча 1800 мектептен 1 миллионго жакын окуучу тартылат.

Бүгүн долбоордун башталышына арналган тегерек столго КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана Кыргызстандагы “Кызыл Жарым Ай” улуттук коомунун директору Чыңгыз Жакыпов катышты.

“Япон эли табигый кырсыктардын шарттарында жашагандыктан, шарты окшош өлкөлөргө жардам көрсөтүү зарылдыгын түшүнүшөт. Кыргызстандагы табигый кырсыктардын Япония менен окшоштуктары жана айырмачылыктары болушу мүмкүн, бирок аларга даярдык көрүүнүн маанилүүлүгү боюнча эч кандай айырмачылык жок, ал эми бул жерде мектептеги билим берүү чоң ролду ойнойт. ЮНИСЕФ Кыргызстандын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору, “Кызыл Жарым Ай” коому менен кызматташтыкта өлкөгө ылайыктуу билим берүү программасын ишке ашыра алат деп ишенебиз”, - деп белгиледи Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда.

Өлкө боюнча 1800 мектепте табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча мектептик билим берүүнү илгерилетүү жана формалдаштыруу долбоордун негизги иш-чараларынын бири болуп саналат. Бул билим берүүнүн райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана мугалимдердин дараметин күчтөндүрүү, өзгөчө кырдаалдар боюнча симуляциялык машыгууларды өткөрүү, ошондой эле ар бир мектепте табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча пландарды даярдап, ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүү аркылуу жетишилет.

“Бардык жасалып жаткан иш-аракеттерге карабастан, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, окуучуларга коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн үйрөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүп, табигый кырсыктардын коркунучун азайтууда жергиликтүү бийликке колдоо көрсөтүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик органдарын жана мугалимдерди окутууда, бул билим иш жүзүндө кандай колдонулуп жатканына мониторинг жүргүзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Министрликтин көзөмөлү бул максатка жетүү үчүн чечүүчү мааниге ээ болот”, - деди долбоордун ачылышына байланыштуу өткөн жолугушууда ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм.

Долбоор КР өкмөтүнүн “2015-2024-жылдарга Кыргызстанда коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери” программасын жана “2021-2025-жылдарга КР билим берүү мекемелеринде табигый кырсык коркунучун азайтуу боюнча Жол картасын” ишке ашырууга колдоо көрсөтүп келет. Акыркы үч жылдын ичинде (2017-2020-жылдары) иштелип чыккан жана Япония өкмөтү тарабынан каржыланган биринчи фазанын алкагында долбоорго өлкө боюнча 121ден ашык мектептен 65 000ден ашуун бала тартылып, алардын табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулата алды.

Пикир

Оставить комментарий