• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ошто бардык үйлөргө жылуулук 7-8 күн аралыгында жетет — мэрия

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Ош шаарында бардык үйлөргө жылуулук 7-8 күн аралыгында жетет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэринин буйругу чыгып, 22-октябрдан тарта көп кабаттуу үйлөргө, социалдык, маданий мекемелерге жылуулук берүү башталган.

“Ошту жылытууну эки мекеме камсыз кылат - Ош ЖЭБи жана "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасы. "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын от казандары жер-жерлерде жайгашып тейлөө аймактары кыска болгондуктан жылуулук үйлөргө жетти. Ал эми Ош ЖЭБи тейлеген аймактан кээ бир үйлөргө аралык алыстыктан улам жете элек болушу мүмкүн. Адистердин маалыматы боюнча, жылуулук берилген убактан 7-8 күн аралыгында бардык үйлөргө жылуулук жетет”, - деп айтылат маалыматта.

Үйдүн ичиндеги жылуулук системасында көйгөйлөр жаралса (032-22) 5-07-90 — "Жылуулук камсыздоо" ишканасы, 8-52-89 — Ош ЖЭБ, 5-66-24 — муниципалдык туракжай коммуналдык башкармалыгына чалып байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий