• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өздөрүн бактылуу сезүүсү үчүн кыргызстандыктарга канча акча керек? Окумуштуулардын жообу

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Кыргызстан бактылуу болуу үчүн эң аз акча керек болгон өлкөлөрдүн катарына кирди – жылына 8997 доллар же 7526 евро.

Пердью университетинин окумуштуулары дүйнөнүн 160 өлкөсүндө жашоосуна ыраазы болуусу үчүн канча каражат керектигин аныкташып, алынган маалыматтын негизинде рейтинг түзүшкөн.

Бактылуу болуу үчүн аз каражат керектелген өлкөлөр: Сурин (жылына 6799 доллар – 5687 евро), Аргентина (8788 доллар – 7350 евро), Ангола (8921 доллар – 7463 еврого жакын), Кыргызстан (8997 доллар – 7526 евро) жана Иран (10 134 доллар – 8463 еврого жакын) болушкан.

Америкалык окумуштуулар түзгөн рейтингге ылайык, бактылуу болуу үчүн эң көп акча – Бермуддар жашоочуларына керек болгон, бул жерде бактылуу болуу үчүн жылына 143 933 доллардан (120 миң еврого жакын) аз эмес каражат керек. Британия аймагынан кийинки орунда Австралия (135 миң 321 доллар – 113 миң евро) жана Израиль (130 457 доллар – 109 миң евро) турат.

Европа өлкөлөрүнө Швейцария эң кымбат болгон (128 969 доллар – 107 миң еврожылына). Ошондой эле, ондукка Жаңы Зеландия (128 миң 844 доллар – 107 миң евро), Норвегия (114 147 доллар – 114 миң евро), дания (109 142 доллар – 91 миң евро), Япония (107 597 доллар 90 миң евро), Исландия (107 351 доллар – 89 миң еврого жакын) жана АКШ (105 миң доллар 87 миң евродон ашык) кирген.

Рейтингдин маалыматына ылайык, Россияда бактылуу болуу жылына 15 639 долларды (13 миң евро) талап кылат. Бул Өзбекстан (21 960 доллар – 18 300 евро), Тажикстан (22 850 доллар) жана Пакистанга (15 643 доллар – 13 086 евро) караганда аз.

Пикир

Оставить комментарий