• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

15-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында жакынкы күндөрү күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Эртең, 11-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 12-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этекеринде жана тоолу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

11-12-апрель күндөрү бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 13-15-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

16-17-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаары;

Бишкекте эртең, 11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 12-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Ал эми 12-13-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаары;

Эртең, 11-апрелде Ошто түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-апрелде күндүз жана 12-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

12-апрелде күндүз жана 13-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий